Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Санариптик сабактар

Акылдуу түзмөктөр үчүн интерактивдүү окуу материалдары

Колдонуп көрүңүз, белгичени басыңыз

Санарип сабак, бул заманбап, актуалдуу окуу материалдары болуп саналат. Алар биздин окуу китептерибизге негизделген интерактивдүү мазмунду жана санариптик куралдарды колдонуп, теманы изилдөөгө, өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Алардын мыкты жана оңой түзүлүшү, визуалдык жактан кеңири материалдары, көптөгөн 3D үлгүлөрү, видео сабактары жана тапшырмалары, үйрөнүү процессин кызыктуу кылат.

Жаңы жөндөмдөр

Санариптик сабактарды колдонуу, класстагы окуучуларды сабакка активдүү катышууга, өз тажрыйбасынын негизинде билим алууга жана топтук иш учурунда бири-бири менен иш алып барууга үндөйт. Мугалимдин ролу, топтордо чогуу иштешүүдө, чогу чечимдерди чыгарууда окуучуларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Санариптик сабактар, келечек муундар үчүн маанилүү болгон жасалма интеллектке басым жасоо менен, окуучулардын биргелешкен, социалдык жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрөт. Санариптик сабактар, бир тараптуу ой жүгүртүүнүн ордуна, окуучуларды ар таптуу үйрөнүүгө жана системанын ичинде иштөөгө үйрөтөт.

Жаңы жөндөмдөр
Жаңы жөндөмдөр
Жаңы жөндөмдөр
"Бул басылып чыгарылган китептер менен санариптик билим берүүнүн ортосундагы жетишпеген байланыш, сизди санариптик окутуу дүйнөсү менен тааныштырат".
Комплекстүү билим
Комплекстүү билим

Комплекстүү билим

12 тилде жеткиликтүү болгон санариптик сабактар, ​​теманы изилдөөдө бир гана илимий тармакка көңүл бурбастан, ошол тармакка байланыштуу башка илимдерди да айкалышытып, берилген тема боюнча топтомдуу билимди сунуштайт.

Алар теманын бир гана илимий, математикалык, тарыхый ж.б. аспектилерин изилдебестен, б.а., үйрөтүлө турган билимдерден тышкары, түшүнүктөрдүн ортосундагы байланыштарды көрсөтүп, реалдуу дүйнөдө системалардын кандайча иштешин түшүнүүгө жардам берет.

Комплекстүү билим

Мазмун графиги

Санариптик сабактардын ортосундагы байланыштар, окуу материалдарын мазмунуна жана концептуалдык мүнөздөмөлөрүнө жараша бириктирилген мазмун графигинде көрсөтүлгөн.

Көп кырдуу чыпкалоону колдонуп, каалаган мазмунду оңой тандаңыз. Мындача, окуучулар үч өлчөмдүү тармактагы окуу материалдарынын ортосундагы байоаныштарды, оңой өздөштүрүп, жана бул байланыштарды контекстке киргизе алышат.

Мисалы, атмосфера (география) менен таанышуу учурунда, окуучулар жашоо шарттарына (биология), абанын компоненттерине (химия), абанын басымына (физика) жана авиациянын тарыхына (тарых) да тиешелүү болгон мазмундарды таба алышат.

Мазмун графиги

Жасалма интеллект

Мазмун графикасындагы жасалма интеллект,окуучулардын кызыкчылыгына жараша ылайыкташтырылган окуу программалары менен камсыздап турат. Окуучуга жараша ыңгайлаштырылган билим берүү, бул ар бир окуучунун өркүндөтүшү керек болгон комплекстүү билимдерди оңой өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Кайра кайра кайталанган жөнөкөй көнүгүүлөрдүн ордуна, биз окуучулардын билимин, алардын муктаждыктарына жараша өркүндөтүүгө негизделген көнүгүүлөрдү жана окуу материалдарын сунуштайбыз. Окуу материалдарын жекелештирүү аркылуу, биз мугалимдерге ар бир окуучунун билим деңгээлине жана жөндөмүнө көз каранды болбогон, оптималдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө шарт берген платформаны сунуштайбыз.

Кайда колдонсом болот?

Санариптик сабактар, бул HTML программасына негизделген веб баракчалар. Ал баракчаларды браузер аркылуу ар кандай компьютерде, Android же Apple iOS планшеттеринде жана интернет туташуусу бар смартфондордо ачып, колдонууга болот.

Медиатекадагы санариптик сабактар

Кайда колдонсом болот?
nfki_banner