mozaLog
Mozaik Education тарабынан иштелип чыккан mozaLog бул - санариптик мектеп журналы. Ал мектеп кызматкерлерине административдик жана уюштуруучулук милдеттерди аткаруу үчүн бирдиктүү интерфейсти колдонууга мүмкүндүк берген билим берүүчү маалымат системасы. Биздин mozaLog башкаруу системасын колдонуп көргөн соң, салттуу кагазга негизделген класстык журналдар менен иштөө өтө түйшүктүү экендигин дароо байкоого болот.
Kолдонуп көрүңүз
Төмөндөгү белгиленген колдонуучуларга, мектептин санариптик журналына кирүүгө уруксат берилет.
mozaLoglдун демо версиясын, бардык колдонуучу деңгээлдеринде акысыз колдонуп көрүүгө болот. Бирок айрым функциялар толук версияда гана жеткиликтүү.
Мугалим
Директор
Ата-эне
Окуучу
Администратор
Мугалимдик укуктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар
Окуучулардын мектеп маалыматтарына улашуу:
Мугалимдик укуктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар
mozaLogдун демо версиясындагы колдонуучу интерфейси жана меню пункттары тандалган тилде көрсөтүлөт. Журналдын ички мазмуну (мисалы, окуучулардын аты-жөнү, сабактардын темалары) үлгү гана болгондуктан, алар англис тилинде көрсөтүлөт.
Эмне үчүн mozaLog тандоо керек?
Буга интернет байланышы бар каалаган компьютерден, планшеттен, компьютерден же смартфондон кирүүгө болот. Эч кандай кошумча программаларды орнотуунун кереги жок. mozaLogду колдонуу үчүн сизге веб-браузер гана керектелет.
Санариптик журналдын 24 саат бою иштөөсү, кең тилкелүү серверлер аркылуу камсыздалгандыктан, mozaLog бир эле учурда Интернет аркылуу миңдеген колдонуучулар тарабынан колдонулушу мүмкүм.
mozaLog административдик жүктү кыйла азайтып, бир эле учурда мекеме ичинде да, ата-энелер менен да байланышты камсыз кылуунун эффективдүү каражаты боло алат. Колдонуучу интерфейсин колдонуу өтө оңой жана атайын билимди же компьютердик жөндөмдөрдү талап кылбайт.
Программаны, күн сайын бардык mozaLog маалыматтар базасынын камдык көчүрмөсүн сактай турган, кесипкөй өз ишин мыкты билген адистер көзөмөлдөп турат.
Байланыш
mozaLog бул, көзөмөл органдары менен тиешелүү билим берүү мекемелеринин, мектеп жетекчилигини менен мугалимдердин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин ортосунда түз байланышты камсыз кылып турат.
Бардык администрациялык иштерди жана милдеттерди пландаштыруу, ошондой эле, алардын аткарылышын көзөмөлдөө өтө жеңил келип, көзөмөлдөөчү органдар менен алар башкарган окуу жайлардын ортосундагы онлайн байланышы.
Санариптик класстык журнал, уюштуруучулук жана административдик милдеттерди жөнөкөйлөштүрүп, билим берүү системасынын натыйжалуу иштетүү жана билим берүүнүн сапатынын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Көзөмөлдөөчү органдар, санариптик класстык журналдын жардамы менен мугалимдердин жеке маалыматтары жана жумуш орду, ошондой эле окуучулардын саны, сабактардын өтүлүшү жана сабакка келбеген окуучулардын саны сыяктуу актуалдуу маалыматтарды күн сайын алып турушат.
Бааларды, жоктоону, күнүмдүк башкаруу
Система мугалимдерге билим берүү менен байланышкан административдик тапшырмаларды каалаган жерде, каалаган заманбап IT түзмөгүн колдонуп тез жана оңой аткарууга мүмкүндүк берет. Мугалимдер, сабактын темаларын, ар бир класска тиешелүү тапшырмаларды, жетишпеген маалыматтарды толтуруу же бүтүндөй окуу жылы үчүн календарлык планды басып чыгаруу сыяктуу дайындардын жазуу үчүн өздөрүнүн жеке баракчаларын колдоно алышат.
Бааларды коюп жатканда, мугалим баанын түрүн көрсөтүп, ага комментарий дагы кошо алат. Бул мугалимдерге айрым баалардын себептерин бир канча ай өткөндөн соң да эстеп калууга мүмкүндүк берет. Зарыл болгон учурда, мурда коюлган бааларды дагы өзгөртүүгө болот.
Сабактагы жоктоодон тышкары, окуучулардын кечигүүлөрүн, сабактан бошотуу учурларын же окуу куралдарынын жетишсиздиги сыяктуу учурларды дагы, санариптик журналга каттоого болот.
Жөнөкөйлөштүрүлгөн тескөө-башкаруулар, статистика, отчеттор
mozaLog, борбордук маалымат системасынан окуучулардын маалыматтарын импорттоого мүмкүндүк берген программа. Импорттолгон маалыматтарга ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизип, сактап, борбордук маалымат системасын ар дайым жаңылап турууга болот. Бир эле жолу басып, окуучулардын толук академиялык статистикасын жана сабакка келбеген окуучулардын статистикасын түзүүгө мүмкүн. Ал статистикалык маалыматтар класс жетекчилерге, директорлорго, атүгүл билим берүү органдарына заматта жеткиликтүү болот.
mozaLog жөнөкөй жана орточо салмактанып алынган статистиканын эсептөөлөрүн, ошондой эле, тесттин натыйжаларына жекече баа берүүнү жүргүзө алат, бул академиялык жетишкендиктердин комплекстүү анализин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Санариптик класстык журналдын салыштырма диаграммалары, орточо көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө көз салууга мүмкүндүк берет.
Жоктоо статистикасы, колдонуучуларга сабактарга жүйөлүү жана негизсиз катышпай калгандарды оңой көрүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Сабакка катышпаган окуучуларды эсепке алуу үчүн пайыздык чектөөлөр коюлгандыктан, система белгилүү бир сабактан калуусу чекке жеткен окуучуларды автоматтык түрдө бөлүп көрсөтүп турат.
Мектепти башкаруунун артыкчылыктары
Мектептин бардык кызматкерлери, бирдиктүү журналга ээ болгондуктан, администрациялык текшерүүлөр жана көзөмөлдөр жөнөкөйлөшөт. Талап кылынган документтерди даярдоонун убактысы бир кыйла кыскарып, ар иштерди аткарууда мотивация жогорулайт. Мындайча айтканда, мугалимдердин убактысы педагогикалык иштерге көбүрөөк калат. Система, ошондой эле, мектептин календарын жана расписаниесин баарына түшүнүктүү ачык айкын көрсөтүп турат.
Мектептин жылдык иш планынын модулу, окуу жылын пландаштырууга, мектептеги жана мектептен тышкаркы күндөрдүн, каникулдардын, мектептеги иш-чаралардын, экскурсиялардын ж.б. планын жазууга мүмкүндүк берет. Мектеп календарынын ар бир күнү мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн пайдалуу маалыматтар менен толукталышы мүмкүн.
Программа колдонмолордун кеңири спектри үчүн отчетторду даярдайт. Бир эле жолу басып, мектеп жетекчилиги окуу жылынын каалаган убагына тиешелүү керектүү маалыматтарды ала алат. Аткаруу статистикасы ар бир класс үчүн өзүнчө же бир нече класстардын салыштырма анализи түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн. Окуу жылынын аягында, программа ар бир класска жана бүткүл мектепке тиешелүү толук аткаруу жана сабакка келбей калуу статистикасын окуучулардын санынын жараша түзөт. Маалымат баракчаларын же отчетторду, жеке окуучулар, класстар үчүн же бүтүндөй мектеп үчүн сураса болот.
Эгерде мектеп жетекчилиги мектептин натыйжасы боюнча кыскача баяндама же отчет алууну кааласа, mozaLog маалыматтык графика менен сүрөттөлгөн комплекстүү анализди түзө алат.
Ата-энелер жана окуучулар менен байланыш
Ата-энелер санариптик журналы аркылуу, баласынын сабакка келбеген же катышпаган күндөрүнө, жүрүм-турумуна жана окуудагы ийгиликтерине көз салып турушса болот. mozaLog аркылуу мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери менен кеңири баарлаша алышат.
mozaLog санариптик журналы аркылуу, ата-энелер, балдарынын сабактарынын расписаниесин жана сабак темаларын көзөмөлдөп, балдарынын окуудагы ийгиликтеринен дагы кабардар боло алышат. Мугалимдер, алдыдагы мектеп чогулуштары, иш-чаралары, экзамендер же тесттер жөнүндө кабарларды окуучуларга жана ата-энелерге жөнөтүп турушат. Андыктан, окуучулар да, ата-энелер да келечектеги милдеттери тууралуу кеңири маалымат алып турушат.
Ата-энелер, балдарына тиешелүү бардык маалыматарды (алган бааларын, жоктоомолорун, мактоолорун же сөгүштөрүн ж.б.) электрондук почта аркылуу сурай алышат.
Система, мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышка шарт түзүп, жеке жолугушуулар (ата-энелер чогулуштары, концултациялар) менен катар, байланыштын жаңы формасын сунуштайт.
Маалыматтарды коргоо жана коопсуздук
Санариптик журнал тажрыйбалуу адистер тарабынан көзөмөлдөнгөн серверлерде иштейт. Серверлердин жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгү бир эле учурда көптөгөн колдонуучуларга программага кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. mozaLogду бир нече кирүү деңгээли менен дагы колдонууга болот. Бул ар бир колдонуучу кире ала турган же өзгөртө ала турган маалыматтардын жана функциялардын түрүн аныктайт.
- ПрограммагакКирүү маалыматтары коопсуздук үчүн сакталат. Маалыматтардын трафиги, коопсуз жана шифрленген интернет байланышы аркылуу ишке ашат.
- Система уруксатсыз колдонуучулардын ишке ашпаган кирүү аракеттерин аныктайт жана коргоп турат; бул маалымат дайындарын кийинчерээк калыбына келтирүүгө болот.
- Окуучулардын алган бааларынын киргизилген же өзгөртүлгөн күнү жана убактысы, санариптик журналда сакталат.
- Маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, маалымат базасынын резервдик көчүрмөсү күн сайын жүргүзүлүп турат.
Мектептин веб-сайтындагы санариптик класстык журнал
Биздин mozaPortal кызматыбыз – бул мектеп чөйрөсүнө ылайыктуу иштелип чыккан жана сыналган функционалдуу веб-сайт түзүмү бар веб-сайт кызматы. Бул кызматтын менюсун өзгөртүү эркин болгондуктан, аны мектептин жеке муктаждыктарына ылайыкташтыруу дагы мүмкүн.
Мектептин санариптик журналын, mozaPortal мектеп веб-сайт кызматы менен бирге буйрутма кылса болот. Мындай учурда, mozaLog мектеп веб-сайтына киргизилет жана менюдан жеткиликтүү болот. mozaPortal мектептин санариптик журналынан алынган маалыматтарды көрсөтүп турат, мисалы: мугалимдердин, окуучулардын жана класстардын тизмелери; графиктери, расписаниелери.