Ойноңуз, үлгүлөрдү жасаңыз, үйрөнүңүз.
Fizika сизге кызыктуу колдонуучу интерфейсин жана ойноп үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Сиз көңүл ачууда үйрөнүп, сизди курчап турган дүйнөнүн кандай иштээрин түшүнө аласыз. Ошондой эле, тиркемени смартфондо же мектептеги интерактивдүү тактада колдонууга болот.
Планшет жана телефон үчүн билим берүүчү тиркемелер
Моделдерди жасап, аларды изилдеңиз
Механикалык процессти көрүп, ага тиешелүү үлгүнү бир эле жолу басып ачыңыз жана аны түзмөгүңүздө каалаган убакта көрүңүз. Ушундай эле жол менен сиз ал механикалык процессти изилдеп, анын кандай жүрүп жатканын талдап, процесстин физикалык негизин түшүнө аласыз.
Бир нерсени өзгөрткүңүз келеби? Көйгөй жок!
Сиз чындыкта кыла албаган иш-аракеттерди программада кыла аласыз, б.а., эксперименттердин учурунда, объекттердин параметрлерин жана касиеттерин өзгөртүүгө болот. Мындайча айтканда, сиз баштапкы шарттар өзгөргөндө эмне болорун байкоого мүмкүнчүлүк аласыз.
Бир эле жолу басуу аркылуу диаграмма түзүү
Процесстерди түшүнүүнүн эң оңой жолу - бул жакшы түзүлгөн график. Виртуалдык эксперименттерди талдоо үчүн чычканды бир эле жолу басып, ар кандай физикалык денелердин кыймылын сүрөттөгөн графиктерди түзүп жана көрүүгө болот.
Каалаган убакта каалаган нерсени өлчөй аласыз
Сиз процесстерди реалдуу убакыт режиминде так жана масштабдуу чиймелер менен толуктап, ар кандай үлгүлөрдү түзө аласыз. Ошентип, эксперимент менен бир эле учурда кыймылды мүнөздөгөн кээ бир чоңдуктардын кандай өзгөрүшүн да байкай аласыз.
Окуу материалдарынын онлайн жыйнагын түзүү
Мугалим же окуучу болгонуңузга карабастан, окуу планына дал келген укмуштуудай анимациялар жыйнагы сизге жардамга келет.
Башкалар менен бөлүшүү
Бул сиздин үй тапшырмаңыз болгону менен, сиз аны компьютердик оюн деп кабыл алсаңыз болот. Виртуалдык эксперименттерди жасоо менен, сиз сөзсүз түрдө түшүнүктөрдү тереңдетип үйрөнүп, тажрыйбалардын негизинде көбүрөөк суроолорду даярдап, натыйжаларыңызды жана суроолоруңузду мугалимиңиз же классташтарыңыз менен бөлүшө аласыз.
Fizika боюнча санариптик сабактар
Fizika тиркемеси, санариптик сабактары бар физикалык эксперименттердин көптөгөн схемаларын жана сыпаттамаларын камтыйт. Тиркемени, эксперименттерди даярдоо жана аткаруу үчүн колдоно аласыз.



