mozaWeb
Бала бакчадан баштап, 12-класска чейинки мектеп предметтерине тиешелүү интерактивдүү мазмунду, ачык куралдарды жана оюндарды каалаган веб браузерден көрүңүз. Ал үчүн акысыз mozaWeb аккаунт ачып, планшетиңизден же смартфонуңуздан да колдонуу мүмкүнчүлүгүн алыңыз. Программанын бардык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөсүз колдонгуңуз келсе, жеткиликтүү катталуулар сунуш кылган варианттарды карап чыгыңыз.
mozaWeb эмнени сунуштайт?
Mozaik STUDENT катталуусу менен, сиз медиатекадагы бардык мазмунга (1300дөн ашык 3D үлгүлөргө, жүздөгөн видео сабактарга, интерактивдүү көнүгүүлөргө ж.б.) кирүүгө жана куралдарыбызды жана оюндарыбызды эркин колдонууга мүмкүнчүлүк аласыз.
100дөн ашык окуу планына тиешелүү тематикалык тиркемелер жана оюндар, сабактарда өтүлгөн билимдерди тажрыйбада колдонуу жана тереңдетип үйрөнүү үчүн эң сонун курал болуп саналат.
Биз сизге санариптик китептерди, дептерлерди, онлайн үй тапшырмаларды берүү жана бөлүшүлгөн мазмунду тез арада таабуу, ага улашуу кызматын, ошондой эле, сиз аткара турчу тапшырмаларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген, онлайн интерфейсти сунуштайбыз.
Окуу платформаңызда күн сайын акысыз жумушчу барактарды аткара аласыз. Жумушчу барактар баалангандан кийин ар бир категорияда күндүк рейтингдер жарыяланып турат. Сиз жарыяланган рейтингде өзүңүз тандаган лакап атыңыз менен көрүнөсүз.
Мугалимдер үй тапшырмаларды Тест редакторун колдонуп, оңой эле даярдай алышат. Ошондой эле, мугалимдер Медиатекадагы сүрөттөрду, аудиолорду жана видеолорду колдонуп, кызыктуу тапшырмаларды даярдай алышат.
Эгер санариптик китепти бир жолу сатып алсаңыз, анда сиз mozaWebдин активдүү колдонуучусу боло аласыз. Китепти барактап окуңуз, барак бөлүмдөрүн чоңойтуп тиешелүү темалардын жанындагы сүрөтчөлөрдү басып, окуу планына тиешелүү интерактивдүү мазмунду иштетиңиз.
Тест редактору
Алдын ала аныкталган тапшырма шаблондорунун кеңири спектрин колдонуп, укмуштуудай тапшырмаларды тез жана оңой даярдаңыз (бир жана бир нече тандоо, дал келтирүү, чынжырча суроолор,меткалар, таблицалар жана башкалар). Берилген жумушчу барактары, ар түрдүү суроолорду жана башка өзгөчөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Мисалы, тапшырманын убактысы чектелүү болушу мүмкүн. Жумушчу барактарын ого бетер кызыктуу кыла турган, даяр дизайндарыбыз дагы бар.
Сүрөттөрдү, видеолорду же аудио файлдарды колдонуп, көнүгүүлөрдү даярдаңыз. Ошондой эле, 3D үлгүдөгү тапшырмаларды жана кээ бир куралдарды Тест редакторуна автоматтык түрдө импорттоп, көнүүгүлөрдү оңой даярдай аласыз.
Өзүңүз даярдаган жумушчу барактарын, mozaBook публикациясынын беттерине же презентацияга киргизүүгө болот. Же болбосо, окуучуларга mozaWeb аркылуу үйдөн өз алдынча аткаруулары үчүн үй тапшырма катары жөнөтсөңүз дагы болот.
MOZAIK Күнүмдүк тапшырмасы менен таймашууга катышыңыз.
MOZAIK Күнүмдүк тапшырмасы менен окуучулар mozaWeb платформасында күн сайын акысыз жмушучу барактарды аткара алышат.
Жумушчу барактары көптөгөн мектеп предметтеринин темаларын камтыган ар кандай көнүгүүлөр бар. Башка тапшырмалар менен катар, аларда бир туура жообу бар суроолор, логикалык табышмактар, карта менен иштөө тапшырмалары, эсептөөлөр жана стратегиялык көнүгүүлөр орун алган.
Катышуучулар жарыяланган рейтингде өздөрү тандаган лакап аттар менен көрсөтүлөт.
Кененирээк окуңузАкысыз колдонуп көрүңүз
mozaWeb менен таанышуу үчүн акысыз колдонуп көрүңүз. Биздин билим берүүчү куралдарды, 3D үлгүлөрдү колдонуп, видео сабактарды көрүңүз.
Эгерде сизге жакса, анда mozaWeb PREMIUM аккаунтуна жазылыңыз.
Колдонуп көргүм келетЭгер акысыз аккаунт ачып кирсеңиз, анда төмөнкү иш-аракеттери кылыңыз:
- Ар жума сайын, каалаган 0 билим берүүчү куралдарды же оюндарды ачыңыз.*
- Ар жума сайын, каалаган 0 3D үлгүлөрдү же видео сабактарды ачыңыз.*
- 3D үлгүлөрдүн жана видеолордун жазууларын окуп, өз тилиңизде же англис тилинде баяндарды угуңуз.
- Windows программасы иштеген түзмөктөрдө жана планшеттерде, mozaBook программасын колдонуу үчүн Жеке mozaWeb аккаунтуңуз талап кылынат.
- Демо версиядагы китептерди жана санариптик китептерди (өзүнчө сатып алууга болот) ачып, барак бөлүмдөрүн чоңойтуңуз жана камтылган экстра мазмунду ачыңыз.
- mozaBook программасын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен жүктөп алып, 30 күн бою акысыз колдонуп көрүңүз.
* 0 түрдүү нерсе болушу мүмкүн же бир эле нерсени 0 жолу ачуу түрүндө болушу мүмкүн.
Mozaik STUDENT катталуусун сатып алсаңыз, төмөнкү мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылабыз:
- 100гө жакын куралдарды жана оюндарды эч кандай чектөөсүз ачып, куралдардын абалын жана лабораториялык жөндөөлөрүн сактаңыз.
- 1300дөн ашык 3D үлгүлөрдү, жүздөгөн видео сабактарды жана медиатеканы чектөөсүз ачыңыз.
- 3D үлгүлөрдүн жана видеолордун субтитрларын окуп, бардык жеткиликтүү тилдерде баяндарды угуңуз.
- Сизге бкрилген үй тапшырмаларды аткарыңыз
- Өзүңүз даярдаган же башка бирөө тарабынан даярдалган mozaBook дептерин ачып, колдонуңуз.
- Ошондой эле, mozaBook программасындагы бардык 3D үлгүлөрдү, видеолорду жана медиатеканы ачып, колдоно аласыз.
- Класстагы мугалимдин mozaBook программасына туташып, сабакка катыша аласыз.
- Түзмөктөрдө жана планшеттерде, mozaBook программасын колдонуу үчүн жеке mozaWeb аккаунтуңуз талап кылынат. Акысыз сактоо мейкиндиги, китептерди жана дептерлерди синхрондоштуруу мүмкүнчүлүгү.
- Демо версиядагы китептерди жана санариптик китептерди (өзүнчө сатып алууга болот) ачып, барак бөлүмдөрүн чоңойтуп, ичинде камтылган экстра мазмунду ачып, колдонуңуз.
- Толук функционалдуу mozaBook программасын жүктөп алып, колдонуңуз.


