Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Колдонуучу лицензиясы менен түзмөккө негизделген лицензиянын ортосунда кандай айырма бар?
31/3/26 17:21

Колдонуучу лицензиясы

Колдонуучу лицензиянын жардамы менен колдонуучу ар түрдүү түзмөктөрдө (компьютер, интерактивдүү такта, ноутбук, планшет, мобилдик телефон) өздөрүнүн колдонуучу аты жана сыр сөзү менен каттала алат. Колдонуучу mozaBookту да, mozaWebди дагы колдоно алат, бирок бир эле учурда бир гана түзмөктөн кирүүгө болот.

Лицензиянын бул түрү колдонуучулар өз түзмөгүндө иштесе же Mozaik системасына бир нече түзмөктөрдөн кирүүнү кааласа сунушталат.

Бул лицензиялардын түрүнө Mozaik TEACHER жана Mozaik STUDENT кирет.
 


Түзмөккө негизделген лицензиялар

Түзмөккө негизделген лицензия чексиз сандагы колдонуучуларга берилген түзмөктөгү программаны колдонууга мүмкүндүк берет. Бул учурда, колдонуучулардын өздүк лицензиялары болушу кажет эмес

Бул лицензия бир нече мугалимдер же окуучулар бир эле түзмөктү колдонгондо сунушталат. Бул учурда, канча мугалим же окуучу колдонгонуна карабастан, бир гана түзмөк үчүн лицензия керектелет.

Бул лицензиялардын түрүнө mozaBook CLASSROOM жана mozaBook SCHOOL-LAB кирет.

Пайдалуу болду деп ойлойсузбу?
nfki_banner